«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы шаарда жаңы жашыл аймактарды куруу боюнча масштабдуу иштерди улантууда.

Жаңы аянт тазаланып, жашылдандыруу үчүн атайын топурак себилген.

Жашылдандыруучулар жаңы аянтка ийне жалбырактуу жана жалбырактуу бак-дарактарды отургузууну чечишти.

Жабык тамыр тармактары менен 60 даана туя, брабант, колумба түрлөрүндөгү ийне жалбырактуу көчөт, 136 даана жазы жалбырактуу эмен, платан жана кайың отургузулду.

Эскерте кетсек, жаңы сквердин аянтында автоматтык түрдө сугаруу тармактары  орнотулган жана жакын арада көк майсан уругу себилет.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы сиздерди шаардын мүлкүнө, ошондой эле анын жашыл аймактарына кам көрүүгө чакырат.