Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан 2023-жылга 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалган.

Бүгүнкү күндө шаардын жашыл аянттарын сугаруу үчүн Жайыл-Баатыр жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды.

Аталган скважинанын тереңдиги 210 метр, кубаттуулугу саатына 65 метр куб сууну, секундасына 17 литрди түзөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвск, Ахунбаевжана  Көк-Жангак көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважиналар бургуланган.