Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалууда.
Жеринде башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.
Иштин жүрүшүндө өз билемдик менен орнотулган жана тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары, ошондой эле мыйзамсыз орнотулган шлагбаум жана башка жарнак объектилери демонтаждалды.
Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасоону суранабыз!