Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов №15 МАБдын көйгөйлүү аймактарын текшерди.
Алгач Аска-Таш конушунун Месароша жана Бийлик-Көл көчөлөрүнүн кесилишинин абалын көрүп чыгып, бул аймакта эки тараптын тең транспорт агымы көп болгондуктан, жүргүнчүлөрдү ташуучу жана оор жүк ташуучу унаалар өтөтөөрүн эске алуу менен сугат тармагын орнотуу менен асфальт төшөө иштерин пландаштыруу тапшырмасын берди.
Андан соң Профсоюз жана Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Достук» жаңы конушунда ачылган көп функционалдуу аянттагы жанаша жайгашкан аймагын жакшыртуу маселеси талкууланып, бул жерде бир катар маселелер көтөрүлдү. Алсак, ирригация үчүн скважина бургулоо менен жашылдандыруу, ошондой эле кичи аянтча куруу үчүн 30-50 сотых бош жерди №15 МАБдын балансына өткөрүп берүү.
Андан ары П.Лумумба көчөсүндөгү Балбан-Таймаш конушунда орнотулган воркаут аянтчасына шаар куруу корутундусун алуу маселеси талкууланды.
Бардык кыдырылган аймактар боюнча аким Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана акимчиликтин компетенциясынын чегинде деталдуу изилдөө жана чечим кабыл алуу үчүн документтерди даярдоону тапшырды.