Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевдин төрагалыгы астында КР Мамкурулуш тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө» жобонун маселеси боюнча жыйын болуп өттү.

Жолугушууга «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, бөлүм башчылары, адистер, архитекторлор жана долбоорлоочулар катышты.

Катышуучулар эки күн бою сунушталып жаткан Жобонун маселелерин активдүү талкуулашты, анда долбоорлоочулар жана заказчылар үчүн иштөө үчүн дал келбестиктерди, ыңгайсыздыктарды жана ашыкча бюрократияны табышты.

Бул жобону бир нече саат талдап чыккандан кийин архитекторлорго электрондук вариантын берүү чечими кабыл алынды, алар дагы өз сунуштарын киргизишсин жана андан кийин жөнөкөйлөштүрүлгөн вариантын КР Мамкурулушуна өткөрүп беришсин.

Иштелип чыккан документ абдан көлөмдүү болгондуктан, маселелердин бир бөлүгүн гана кароого мүмкүн болгон, ошондо кайрадан чогулуп, сунуштарды киргизүү процессин аяктоо чечими кабыл алынган.