«Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» үч айлыгынын алкагында, ошондой эле эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Ленин районунун №40 орто мектебинин окуучулары Айтматовдун үй-музейине барышты.
Музей Чоң-Арык айылындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, жазуучунун өмүрүнүн акыркы 20 жылын өткөргөн үйүндө жайгашкан. Ал өлгөндөн кийин Мария Урматовна жана уулу Элдар үй-бүлөсү менен ушул жерде жашашкан. 2009-жылы алар Айтматовдун үй-музейин түзүүнү чечишкен. Музей 2014-жылы 12-декабрда ачылган.
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде жети бөлмө бар. Аларда жазуучунун жеке буюмдары жана эң негизгиси анын кол жазмалары сакталып калган. Окуучуларга окуу бөлмөсү, уктоочу бөлмө, жазуучунун китепканасы жана фото архивдерге арналган бөлмө көрсөтүлдү. Ал жерде жазуучунун балалык сүрөттөрү, анын үй-бүлөсү жана атактуулар менен түшкөн сүрөттөрү илинген. Алардын арасында ар кайсы өлкөлөрдүн лидерлери, актерлор, режиссерлор бар.
Үй-музейде бардыгы Чыңгыз Айтматовду эске салат: анын кол жазмалары, басма машинкасы, жеке буюмдары, сүрөттөрү, сыйлыктары, чыгармаларына жазылган көптөгөн сүрөттөрү.
Балдар жазуучунун бала кезинде минген роликтерин көрүп, абдан таң калышты. Сапар баарына абдан жакты, балдар кубанып жатышат!