Бишкекте олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында КР Эмгек сиңирген спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган оор атлетика боюнча республикалык турнир өттү.
Мелдешке 15 командадан 178 спортчу катышты. Спорт мекебинин тарбиялануучулары байгелүү орундарга ээ болушту:
Жигиттер арасында:
I-орун – Арсен Омуржанов (55 кг);
I-орун – Элзар Тайиров (73 кг);
I-орун – Жайлообек уулу Азамат (81 кг).
II-орун – Эржан Ыбыкеев (55 кг);
II-орун – Нурлан уулу Алишер (89 кг);
II-орун – Фарух Шокиржанов (96 кг).
III-орун – Эржан Маркаев (55 кг);
III-орун – Рыскелди Алишеров (89 кг).
Кыздар арасында:
III-орун – Анисия Байгачева (55 кг).
Мелдештин максаты Кыргызстанда оор атлетиканы жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, Кыргызстан менен Казакстандын, КР райондорунун жана облустарынын ортосундагы достук байланыштарды мындан ары чыңдоо, Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командаларын толуктоо болгон.
Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу оор атлетика боюнча спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясы уюштурушту.
Белгилей кетсек, Митал Шарипов Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, рекордсмени болгон жана бир нече жолу Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү болгон.