Акимдер райондордогу текшерүүлөрдү улантууда. Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов Киев жана Ю.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук жайды даярдоо иштери менен таанышып чыкты. Учурда бул жердин аймагын пландоо жана жолчо менен аянтчалардын пайдубалын түптөө иштери жүрүп жатат. Аким курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.
Андан соң Гастелло көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин узундугу 500 метрди түзгөн жөө жүргүнчүлөр үчүн пландалып жаткан «Бродвейге» барышты. Аталган зона Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу Русландын демилгеси менен куруу пландалууда. Белиглей кетсек, бул жер үчүн «Бишкекбашкыархитектура» МИнин адистери тарабынан эл аралык стандарттарга жооп берген жана заманбап шаар куруучунун бардык талаптарына жооп берген концептуалдык долбоору даярдалып бүттү.
Аталган көчөдө ар кандай кафелер, дүкөндөр жана бутиктер, салкын аллея, тынч эс алуу зонасы жана фудкорт менен жөө жүргүнчүлөр үчүн пландаштырылган.
Ошондой эле, аким Панфилов көчөсүндөгү Медеровдон Кулатовго чейинки 840 метрге жакын тротуарды оңдоо иштери менен таанышты.