Бишкекте пенсионерлер арасындагы спартакиаданын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти тарабынан шахмат боюнча турнир өткөрүлдү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча орундар ушундай бөлүштүрүлдү:
Эркектер арасында:
Смаил Абдыраимов – 1-орун;
Муратбек Джансаков – 2-орун;
Олег Лазарев – 3-орун;
Аялдар арасында:
Гүлмира Табалдиева – 1-орун;
Людмила Хромцова – 2-орун;
Любовь Борисова – 3-орун.
Бул иш-чаранын максаты улгайган адамдар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттун интеллектуалдык түрлөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеде 202 адам жашайт.
Бул мекеменин бардык камкорчуларына акысыз социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары көрсөтүлөт, ошондой эле кийим-кече, бут кийим, биринчи зарылдыктагы буюмдар менен толук камсыз кылынат.