«Бишкек суу чарба» МИси тарабынан «Ак-Өргө» конушундагы Көкөмерен көчөсүнө Өмүр көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин узундугу 377 чарчы метр болгон Б-2-2 үлгүсүндөгу темир бетон ирригациалык лотокторду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек бүгүнкү күндө узундугу 101 чарчы метрди түзгөн ирригациалык тармак орнотулду.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарга, дренаждык жана ирригациялык тармактарга таштанды таштабоону жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.