Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Ошентип, жеңүүчүлөр аныкталды:
Аялдар, командалык зачет:
1-орун – Бишкек шаары (Саида Кудусова, Рамида Абдимиталипова, Анара Тынаева);
Аялдар, жеке оюндар:
Уланбекова Аяна – 1-орун;
Кудусова Саида – 2-орун;
Абдимиталипова Рамида – 3-орун.
Аялдар, жуп оюндар:
Абдимиталипова Рамида - Уланбекова Аяна – 1-орун;
Кудусова Саида - Тынаева Анара – 2-орун;
Мураталиева Раяна - Касымова Арууке – 4-орун.
Аралаш жуптар:
Эргешов Азамат - Кудусова Саида – 1-орун;
Курманалиев Нуртай - Абдимиталипова Рамида – 3-орун.
Эркектер, командалык эсеп:
3-орун – Бишкек шаары.
Эркектер, жуп оюндар:
Курманалиев Нуртай - Таласбаев Азат – 2-орун.
Белгилей кетсек, турнир 2023-жылдын 19-октябрынан 23-октябрына чейин Ош шаарында эркектер жана аялдар арасында өткөн. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан курама командалардын курамында 100дөн ашык спортчу катышты.