Бишкек троллейбус башкармалыгы Автомобиль транспорту жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкармалыктын кызматкерлери үзүрлүү эмгеги үчүн Транспорт жана коммуникация министрлигинин, профсоюздун жана башкармалыктын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн 25 жылдык стажы бар кызматкерлер ведомстволук жана профсоюздук төш белгилер менен сыйланышты.

Кошумчалай кетсек, өткөн жумада өткөн «Мыкты айдоочу» кароо-сынагында алдыңкы делген айдоочуларга акчалай сертификаттар тапшырылды.