Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайлардын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында, ошондой эле турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди активдештирүү максатында мугалимдер арасында турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Свердлов районунун бардык беш МАБында (муниципалдык аймактык башкармалыктарда) райондун жашоочулары, кварталдык жана үй комитеттери менен жолугушуулар өткөрүлүп турат. Бул жолугушууларда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Бишкектеги филиалынын Чүй өкүлдөрү маалыматтык иш жүргүзөт. Кеңешменин соңунда бардык каалоочулар турак-жайын камсыздандырууну жол-жоболоштура алышат.
Айыл жергесинде турак жайды камсыздандыруунун баасы жылына 600 сомду, ал эми шаар үчүн жылына 1,2 миң сомду түзөт. Эгерде сиздин үйүңүз толугу менен бузулуп же күйүп кетсе, анда сиз «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКдан 500 миң сомго чейин, ал эми шаардан 1 миллион сомго чейин аласыз.
Урматтуу шаардыктар «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КР Мыйзамы менен кененирээк таанышуу үчүн бул шилтемеге кирсеңиздер болот http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111253, ошондой камсыздандыруу менеджеринен кеңеш алууга болот +996 502 556 699 (Ускеева Нури Абдылдабековна).
Белгилей кетсек, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Чүй-Бишкек филиалы Ч.Айтматов пр., 1 (Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши) дарегинде жайгашкан).