Борбор калаадагы «Ала-Арча» конушунун тургундары көгүлтүр от менен камсыз болушту.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана жаңы конуштун жашоочулары катышты.

Белгилей кетсек, «Газпром Кыргызстан» компаниясы бул аймакта 11,5 чакырым газ бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн курулушун белгиленген мөөнөттөн эрте бүткөргөн.

Эми 850дөн ашуун үй-бүлө экологиялык таза энергия булагы менен үйлөрүн жылыта алышат.