Бишкектеги №13 мектеп-гимназиясында «Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиев жана Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Таалайгуль Темирканова менен окуучулардын жолугушуусу болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө башталгыч класстын окуучулары таштандыларды кантип туура сорттоо керектиги тууралуу айтып беришсе, жогорку класстын окуучулары ишембиликтин маанилүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүштү.

Рамиз Алиев окуучуларды коомдун маданияттуу жана жоопкерчиликтүү мүчөсү болууга, жаратылышты коргоого, шаар көчөлөрүн таштандыга таштабоого, суу объектилерин булгабоого, токойлордо, сейил бактарда жаратылышка «белек» калтырбоого чакырды.

Борбор калаанын ар бир тургуну шаарыбыздын тазалыгы жана тартиби үчүн жоопкерчиликти сезиши керек.

Белгилей кетсек, бул иш-чаранын максаты балдарды айлана-чөйрөнүн булганышы жана шаар көчөлөрүнүн тазалыгына кылдат мамиле кылуу көйгөйү менен тааныштыруу болгон.