Бишкек шаары боюнча метеорологиялык божомолду эске алуу менен абанын сырткы температурасына ылайык штаб тарабынан борбор калаада жылытуу сезонун 2023-жылдын 31-октябрында баштоо чечими кабыл алынган. Тиешелүү №300-р буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Жылытуу берилет:

- биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;

- экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.