Бишкекте Ленин районунун орто мектептеринин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана социалдык педагогдору үчүн "Жаштарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга каршы туруу" темасында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы, КР ИИМинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү, Республикалык наркология борборунун өкүлү, Ленин РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы, Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучуларынын баңги жана психотроптук заттарды колдонуусунун алдын алуу, дарыканадагы баңгиликке каршы күрөшүү жана өспүрүм курактагы психологиялык өзгөчөлүктөр боюнча темалар көтөрүлдү.

Мындан тышкары, мугалимдер спирт ичимдиктеринин, электрондук тамекинин жана синтетикалык дарынын зыяндуулугу тууралуу айтып берди. Мектеп окуучулары менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.