Борбор калаада спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп Лигасы» уланууда. Программанын алкагында 2023-жылдын 20-октябрынан 24-октябрына чейин Свердлов районунда «Эмгек резерви» республикалык дене-тарбия жана спорт борборунун базасында балдардын жеңил атлетикасы боюнча мелдештер өттү.
Ошентип, турнирге 16 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун – №67 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын командасы;
2-орун – №46 орто мектебинин командасы;
3-орун – №38 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын командасы;
4-орун – №16 орто мектебинин командасы.
Кыздар арасында:
1-орун – №65 Экология – экономикалык лицейинин командасы;
2-орун – №67 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын командасы;
3-орун – №89 орто мектебинин командасы;
4-орун – №16 орто мектебинин командасы.
Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.