Жакшы ден соолук жашылдандыруучулар үчүн абдан маанилүү аспект болуп саналат.
Бишкекте административдик-башкаруу персоналынын жана инженердик-техникалык персоналдын кызматкерлери арасында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кубогу үчүн мелдеш өттү.
Салт боюнча жыл сайын жашылдандыруучулар спорттун үч түрү боюнча өз ара таймашат: футбол, волейбол жана аркан тартыш.
Футбол боюнча:
I – орунду борбордун парктары боюнча ишкананын коллективи ээледи;
II – орунду суу чарба жана ирригациялык системалар бөлүмү;
III – орун – административдик жана башкаруу персоналынын командасы.
Волейбол боюнча:
I – орунду борбордун парктары боюнча ишкананын коллективи ээледи;
II – орунду өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү;
III – орун – транспорт бөлүмү.
Аркан тартыш улуттук оюну боюнча:
I – орунду транспорт бөлүмү ээледи;
II – орунду өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү;
III – орунду борбордун парктары боюнча ишкананын командасы ээледи.
Мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Доулбеков куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.