Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде мурда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында «Evion» компаниясынын жана кытай «Rizhao Xingxian Trading Co., Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Учурда экологиялык таксилерди киргизүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул демилге, Бишкек шаарынын мэриясы менен жеке сектордун ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун үлгүсү болуп эсептелинет.

Бул долбоор ишке ашырылып жаткан учурда жүргүнчүлөрдүн кыйла бөлүгү экологиялык таксилердин кызматы менен пайдаланышты, бул борбор калаадагы экологиялык таза жана туруктуу транспортко болгон кызыгуунун өсүп жатканын баса белгилейт.

Кызматташтыкты кеңейтүү жана шаардыктардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин мындан ары көбөйтүү менен 120 заманбап жана экологиялык таза электромобилдерди киргизүү пландаштырылууда.

Анын натыйжасында бул Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү үчүн экологиялык жактан таза транспорт каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн кепилдикке алууга мүмкүндүк берет.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарына жана өнөктөштөрүнө борбордогу экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесин активдүү колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирет.