Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн мелдештер өтүп жатат.

Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Турнирге 11 курама команда катышты. Өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгында биринчи үч орунду төмөнкү командалар ээледи:

I орун – «Бишкекжарык» муниципалдык ишкананын командасы;
II орун – «Бишкекбашкыархитектура» МИнин командасы;
III орун – «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын командасы.

Белгилей кетсек, мелдештер спорттун 8 түрү боюнча: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, сууда сүзүү жана аркан тартыш боюнча өткөрүлүүдө.