Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу, турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жана дарыкана баңгичилигинин алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү.
Жыйынга Биринчи май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, Биринчи май районунун прокурорунун жардамчылары Аскат Көлбаев жана Азис Байсакалов, ИИМдин балдар иштери боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү борборунун, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдардын өкүлдөрү, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, социалдык мугалимдер катышты.
ИИМдин балдар иштери боюнча инспекциясы, социалдык өнүктүрүү жана билим берүү башкармалыктары, ошондой эле КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан отчёттук маалыматтар берилди.
Кеңештин жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен отурумдун протоколу түзүлдү.
Эскерте кетсек, ишеним телефондору 0(312) 67-03-86, Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү, Балдарга жардам берүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: 111.