Байтик Баатыр көчөсү боюнча  Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү иштери аяктады.

Коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады, Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки Байтик Баатыр көчөсүнө тиешелүү белгилер жана жол белгилери түшүрүлүп, орнотулду.

Ошол эле учурда белгиленген тилке боюнча 7.00 дөн 21.00 гө чейин жүрүүгө тыюу салган убакытты тастыктаган белгилер да орнотулганын маалымдайбыз.

Иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жана Бишкек шаары боюнча ЖКККББ менен биргеликте жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын жашоочуларына ыңгайлуу болушу үчүн жумуштар түнкүсүн гана жүргүзүлөт.