Ленин районундагы көмүрдүн маркасы, көмүрдүн сатуу пункттары жана баалары.
Ленин районунун калкына көмүр сатуу төмөнкү көмүр базаларынан жүргүзүлөт:
1. Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
2. "Кара-Тоо" ЖЧКсы, Мурманск көч. 45/2 (мурдагы. ОсОО Торг-Синтез)"Кара-Жыгач" көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
3. "Береке" ЖЧКсы, Мурманск көч. 122, 122а "Кара-Кече" тоннасы 5500-6500 сомдон жогору;
4. " Беш Сары " ЖЧКсы, Мурманск көч. 1б дарегинде "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
5. Дэн Сяопин пр.306 а дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
6. "Болотбеков"жеке ишкер, Дэн Сяопин пр. 308/4. "Кара-Кече" тоннасы 5800 сом;
7. "Мурманск көч., 1б" дарегиндеги Алтын корпорациясы "ЖЧКсында "Шабыркүл" көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
8. Алыкулов көч. 6б дарегиндеги "Абиев Нурлан" жеке ишкер. "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.
Биринчи май районунун аймагында:
1. "Ак-Босого" конушу, Профессор Зима 156а, 1 кап көмүр 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, 30 тонна көмүр камдалды;
2. Щербаков көчөсү 121, 1 мүшөк көмүр 200 сом, 200 мүшөк бар;
3. Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана 1 тоннасы 6000 сом, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасы 7000 сом, 60 тонна бар;
4. "Алтын-Бешик" жаңы конушу Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 250 сом, тоннасы 6000 сом, запаста 70 тонна;
5. Дэн Сяопин көчөсү 531, бир кап көмүр 280 сом, кампада 10 тонна.
Ошону менен бирге кышка жакын 15-20 стационардык түйүн ачылат.
Октябрь районунун аймагында 1 көмүр базасы бар:
"Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы "Төкөлдөш" конушун "Аламүдүн" станциясында, Казакстандын Кара-Жыгач көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сомду түзөт.
Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү 1 дарегинде 1 отун базасы бар.
Урматтуу шаардыктар, сиздерден келе жаткан күз-кыш мезгилине карата өз убагында көмүр камдооңуздарды суранабыз.