Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин комиссиясынын чечиминин негизинде Саманчин көчөдө жайгашкан унаа жуучу жай буздурулду. Объект жеңил конструкциялардан жасалган жана 60 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.
Буга чейин, 2023-жылдын 10-октябрында Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.
Ошондой эле, Октябрь районундагы 7-кичи районунда жарнама конструкцияларын орнотуу жана муниципалдык аймакты пайдалануу боюнча рейд жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 12 протокол түзүлүп, анын ичинен 1 протокол муниципалдык аймакты туура эмес пайдалангандыгы үчүн, 11 протоколу уруксаты жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча түзүлгөн.