«Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» үч айлыгынын алкагында Ленин райондук билим берүү башкармалыгында «Айтматовдун чыгармалары боюнча сахналаштыруу» сынагы өттү.

Ошентип, сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду №80 орто мектеп, 2-орунду №68 орто мектеп, 3-орунду №44 жана №72 мектеп-гимназиялары бөлүштү, ал эми төртүнчү орунду №7 орто мектеп. №74 орто мектеп да кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Ага жалпысынан шаардагы 23 орто мектептен 119 окуучу катышты.

Бул иш-чаранын максаты - мамлекеттик тилди өнүктүрүү, макамын көтөрүү жана улуттук баалуулуктарды, маданиятты, каада-салттарды жайылтуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, калыстар тобунун мүчөлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Клара Райымбекова, Ленин районунун билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ишеналиева Ч.Т., №97 орто мектебинин директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары Абдызаит уулу Жусуп, №95 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Азима Нурланова жана №74 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозкожо кызы Дилбара болушту.