Урматтуу шаар тургундары жана меймандар!
Биз сизге муниципалдык коомдук транспортто төлөм системасы жөнүндө маанилүү билдирүү менен кайрылабыз.
Учурда накталай эмес төлөм системасы бар, бирок, тилекке каршы, кээ бирибиз дагы эле накталай акчаны колдонобуз.
Биз эрежелерди сактоо үчүн бир катар чараларды ишке ашырып жатабыз. Эгерде сиз кошумча чыгымдардан качууну кааласаңыз, сизге накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонууну сунуштайбыз: «Тулпар» карталары, уюлдук карталар, электрондук капчыктар жана башка ушул сыяктуу каражаттар. Муну менен сиз болгону 11 сом төлөйсүз.
Бирок, эгер сиз накталай акчаны кааласаңыз, мындай төлөм ыкмасында 25 сом төлөшүңүз керек экенин унутпаңыз.
Бул тандоону карап чыгып, кызыкчылыктарыңызга ылайыктуу чечим кабыл алууга чакырабыз.
Бул маанилүү маселеге көңүл бурганыңыз жана эрежелерди сактаганыңыз үчүн рахмат!