«БЖАИ» муниципалдык ишканасы №48-маршруттук каттамда жүргөн ZHONGNONG үлгүсүндөгү автобустун жол кырсыгына кабылгандыгына байланыштуу, айдоочуларга жол кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын өткөрдү.

Жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынынын директору Бакыт Темикеев, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Ошондой эле Бакыт Темикеев Бишкектеги автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча буйруктун аткарылышы тууралуу маселени көтөрүп, айдоочуларга жүргүнчүлөрдөн накталай акча алганы аныкталса, жумуштан бошотууга чейин тиешелүү жаза чаралары көрүлөрүн эскертти.