Мэрияда калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жер мунапысын ишке ашыруу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кеңешмеси өттү.
Жыйынга, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев, аппарат башчысы Азиз Садырбеков, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилиги катышты.
Иштин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти, райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиясынын буга чейин аткарган иштеринин жыйынтыктары угулду.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев жана администрациялык райондорунун башчыларынын маалыматы угулуп жана талкуу жүргүзүлдү.
Жыйында мэр Эмилбек Абдыкадыров Президенттин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында буга чейин мыйзамсыз делинип келген, бирок ошол жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан баардык жарандардын жер тилкелерин тезинен мыйзамдаштырылып, алар жер укугуна ээ болуулары керектигин баса белгиледи.
«Бул багыттагы иштер «карап жатабыз» деген куру сөз менен созулуп кетип жатат. Эгер башкы план шылтоо болуп, анда башка жолдорун карай турган болсок анда мунапыстын деле кереги жок эле.
Мунапыс, мына ошол элдердин мыйзамдуу жер укугуна ээ болуусу үчүн чыгарылып жатат. Салынган үйлөрдү буза албайбыз. Башкы планга шылтабай, кандай болсо ошондой жолу менен карап туруп, элдерди кыйнабай маселени чечип, кызыл китептерин берип, анан башкы планды бир жылбы, эки жылбы жасай берсек болбойбу?» - деди мэр.
Калаа башчысынын сунушун Президентик Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев дагы колдоого алаарын билдирди.
“Амнистия мыйзамынын чыгарылышынын максаты дал ошол мыйзамсыз делген жерлерди мыйзамдаштырууга багытталганын баарыбыз түшүнүүбүз керек. Ошонун негизинде чечимдерди кабыл алышыбыз зарыл. Ар бир маселени талкуулап отура берсек ишибиз бүтпөйт. Бул жерде ар бириңердин оюңарды, сунушуңарды бергиле деген жок, мыйзамдаштырып бергиле деп жатат”- деди Айбек Жунушалиев.
Мыйзамсыз делинген жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча чыгарылган мунапыстын аткарылышы кечеңдеп жатканына кайдыгер мамилени токтотууну, жоокерчилик алуудан коркпой, бирдей чечимге келип мыйзамдын аткарылышын тездетүү керектиги сөз болду.
“Жоопкерчилик алуудан коркуп жатсаңар, анда жоопкерчилик ала турган жетекчилерди табабыз. Ушул күндөн баштап массалык түрдө элдерге кызыл китептерин берүүнү баштагыла” –деди мэр.
Жыйын соңунда төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча орун басары, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын начальниги, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык жер мунапысын жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнү, прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама келип түшкөндө ведомстволор аралык жумушчу топту өз убагында маалымдалышын, талаштуу жер участокторун аныктап, чечүү маселесин карап чыгып, жыйынтыгы менен жер участокторду мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы жерге мунапыс берүү боюнча
комиссияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы "Жерге мунапыс берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык аткаруу үчүн тоскоолдуктарга жол бербөө жөнүндө укук коргоо органдарына кат жөнөтүү чечимдерин кабыл алышты.