“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы борбор калааны жашылдандырууну улантууда.
Шаардын райондорун жашылдандырууда аянттар жана парктар негизги ролду ойнойт. Парктар эс алуучу жайы катары кызмат кылып, таза абанын булагы болуп саналат.
Сейил бактарды жана гүл бакчаларды туура жашылдандыруу оңой иш эмес, ал жердин рельефинин, кыртышынын, климаттык шарттарынын өзгөчөлүктөрүн эске алууну талап кылат.
Биздин жашылдандыруучулар борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Алыкулов жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде Костанай көчөсүнө чейин мурда курулган сейил бакты бүтүрүштү.
Аянтты жашылдандыруу иштери аймакты турмуш-тиричилик жана курулуш таштандыларынан тазалоо, топуракты тегиздөө жана отургузууга даярдоодон башталды.
900 чарчы метр аянтка газон чөптүн үрөнү, ошондой эле 36 даана чынар сыяктуу дарак түрлөрү, 118 даана колумба жана брабант сыяктуу ийне жалбырактуу туя, 53 даана жалбырактуу көчөттөр отургузулду.
Ал эми жазында гүлзарларга кылдаттык менен отургузулган 2000ге жакын роза гүлдөрү жаңы паркта гүлдөйт.
Урматтуу шаар тургундары! «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы сиздерди шаардын менчигине, ошондой эле жашыл аймактарына кам көрүүгө чакырат!