Борбор калаанын мэринин “Санарип аймак” системасын ишке ашыруу боюнча жыйынынын алкагында райондордо жыйындар өтүүдө.

Жыйындар МАБнын жетекчилери менен бирге Биринчи май жана Октябрь акимчиликтеринде өттү.

Жарандарды системага каттоо боюнча тапшырмалардын аткарылышы каралып, ошондой эле үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктештиктеринин төрагалары, райондун тургундары жана активдери менен жолугушууларды өткөрүү, мындан тышкары кварталдык жооптуу кызматкерлерди тартуу жана үй комитеттери үймө-үй кыдыруу зарыл экендиги айтылды.

Жыйынтыктары боюнча тапшырмалардын пункттарын көрсөтүү менен жыйналыштын протоколу түзүлдү.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерди активдүү жарандык позицияны карманууга чакырабыз, анткени бул бардыгына пайдалуу жана маанилүү фактор бойдон калууда, бул системада каттоодон өткөндө жашаган жери, үй-бүлө курамы, мектеп, медициналык жана башка көптөгөн маанилүү маалыматтарды үйдөн чыкпастан алуу менен ишиңизди бир топ жеңилдетет.