Программанын алкагында 2023-жылдын 16-октябрынан 19-октябрына чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун спорттук базасында Ордо боюнча мелдештер өттү. Спорттук иш-чарага 8 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернатынын;
2-орун – №99 орто мектебинин командасы;
3-орун – №101 орто мектебинин командасы;
4-орун – №86 орто мектебинин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Спорттук иш-чаранын негизги максаты Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын спорт менен системалуу алектенүүгө тартуу, аларды андан ары адистештирилген спорттук мектептерге даярдоо үчүн келечектүү спортсмендерди аныктоо, мектептер ортосундагы достук байланышты чыңдоо болуп саналат.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.