Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу балдардын музыкалык жана көркөм өнөр мектептеринин, маданият үйлөрүнүн жетекчилерине жана мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” аталышындагы окуу семинар  өткөрдү.

Ошондой эле бул семинарда балдарга билим берген маданият тармагындагы мекеме-уюмдарда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу маселелери да каралды.

Окуу семинары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.