Свердлов районунун мектеп-гимназиясында жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңешинин пландуу отуруму   өттү.

Жыйынга Свердлов районунун башчысынын орун басары, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун жана МАБдардын начальниктери, Свердлов районунун билим берүү уюмдарынын директорлору, директорлордун тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун, №46, 32, 43  мектептеринин балдар арасындагы суицидди, укук бузууларды алдын алуу, балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата отчеттору берилди.

Жыйындын жыйынтыгында жашы жете электердин арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларда ведомстволор аралык байланышты күчөтүү, балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете электердин өзүн-өзү өлтүрүүгө же алардын ден соолугуна зыян келтирүүгө түрткөн интернет-контенттин жайылышын алдын алуу, ага каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен максаттуу иш-чараларды уюштуруу чечими кабыл алынды.