Ленин районундагы №68 мектеп-гимназиясында «Атам, апам, мен – спорттук үй-бүлө» аттуу спорттук мелдеш өттү.
Мелдешке 3-класстын окуучуларынан түзүлгөн 6 команда ата-энелери менен биргеликте катышты.
Жигиттер чуркоо, топ менен чуркоо, аркан менен узундукка секирүү, жерден түртүлүү боюнча төрт этапта ат салышты.
Иш-чара ата-энелер менен мугалимдердин, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт.
Мелдештин жыйынтыгында бардык командаларга грамоталар жана топтор тапшырылды.
Сынак Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.