“Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сатып алуучу уюмдар үчүн окуу өткөрдү.

Окуу Биринчи май акимиатынын имаратында өтүп, анда муниципалдык администрациялардын, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистери катышты.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетекчилигинин жана бөлүм башчыларынын баяндамалары угулду.

Катышуучуларга мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилип, андан соң  суроо-жооп форматында кызыккан суроолорун бере алышты.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам тендердик процедураларды жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын колдонуу шарттарын оптималдаштырууга багытталган.