Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда. Мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана жеке мектептер катышып, жалпысынан 15 миңден ашуун мектеп окуучулары катышууда.
Программанын алкагында 2023-жылдын 14-октябрынан 20-октябрына чейин №16, 45, 11 орто мектептердин жана №4 мектеп-гимназиясынын спорттук базасында футбол боюнча мелдештер өттү. Турнирге 15 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун – №16 орто мектебинин командасы;
2-орун – №67 МГ окуу-тарбия комплексинин командасы;
3-орун – №1 орто мектебинин командасы;
4-орун – №94 орто мектебинин командасы.
Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Спорттук иш-чаранын негизги максаты Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын спорт менен системалуу алектенүүгө тартуу, аларды андан ары адистештирилген спорттук мектептерге даярдоо үчүн келечектүү спортсмендерди аныктоо, мектептер ортосундагы достук байланышты чыңдоо болуп саналат.
Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.