Жыл сайын өтүүчү шаардык жарманке өткөн аптада башталды.
Эми ар бир дем алыш күндөрү таң эртеден кечке чейин Г.Айтиев жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн ортосунда Нуркамал Жетикашкаева атындагы көчөсүндө Чүй облусунун дыйкандары тарабынан өндүрүлгөн түшүмдөр сатылат.
Бишкектиктердин ынгайлуулугу жана соода кылууда жеңилдетүү үчүн азыктардын түрлөрү секторлорго бөлүнгөн.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ички рынокто азык-түлүк товарларынын кымбатташынын негизги себептеринин бири товарларды сатуучу ортомчулардын көптүгү болуп саналарын, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейинки жолдо товардын наркы байкаларлык жогорулап жатканын билдиришти.
Эгерде товар ортомчуларсыз, түздөн-түз сатып алуучуга барса, баалар төмөндөшү мүмкүн.
Жогорудагыларды эске алуу менен, ошондой эле шаардыктардын суроо-талаптары боюнча калкты арзан баада негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу максатында, айыл чарба продукцияларын жана социалдык маанилүү азык-түлүктөрдү өндүрүүчү баада сатуу боюнча сезондук жарманке уюштурулду.
Белгилей кетсек, буга чейин Октябрь акимиаты тарабынан айыл чарба азык-түлүктөрүнө жана социалдык мааниге ээ азык-түлүккө болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлүп, жарманкеде баалар 40-50% арзандатылган.