Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкекасфальтсервис» МИ жана патрулдук милиция менен биргеликте түнкүсүн иш алып барууда.
Байтик Баатыр көчөсүнө Медеров көчөсүнөн чыгыш тараптан Лев Толстой көчөсүнө чейин атайын тилке түшүрүлдү. Буга чейин Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин бүткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, атайын тилке Жибек-Жолу проспектисине чейин уланат.