Бишкектин Алтын-Ордо көчөсү 14 дарегинде жайгашкан №98 орто мектептин жанында жаңы жол пайда болот. Топуракты иштетүү, ирригациялык системаны жана жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Тактап айтканда, капиталдык оңдоо иштери Алтын-Ордо 9 көчөсүнөн Алтын-ордо 1 көчөсүнө чейин жүргүзүлүп, узундугу 700 погон метрди түзөт.

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы топурак иштетүү иштерин аяктап, учурда бордюрларды орнотуу иштери башталды.