«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык  ишканасы айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо багытында  иш алып барууда.

Кыймылдуу курамдын жаңылануусуна байланыштуу муниципалдык ишкананын кызматкерлери  камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү.

Профилактикалык сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты тараптардын өз ара тыгыз иштешүүсүнө багытталган.

Белгилей кетсек, кырсык болгон учурда шаардык транспорттун жүргүнчүлөрүнүн көйгөйлөрүн мүмкүн болушунча тез арада чечүү, компания тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүү талкууланып, чечим кабыл алынды.