Азыркы учурда "Бишкек суу чарба"муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды жана "Ала-Арча" суусунун нугун механикалаштырылган жана кол менен тазалоону жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү иштер аткарылды:

- Коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо -69,4 км;
- "Ала-Арча" дарыясын тазалоо -4,9 км.
- Магистралдык каналдарды тазалоо -209,7 км.

Азыркы учурда шшкананын кызматкерлери төмөнкү көчөлөрдө тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат:

"Ала-Арча"дарыясынын нугу
- Медеров көчөсү боюнча;
- Көкчөтоо көчөсү боюнча;
- Керченская көчөсү боюнча;
- Алтын-Бешик конушу Козу-Баглаң көчөсү боюнча;
- Көлмө конушу.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарга, дренаждык жана ирригациялык тармактарга таштанды таштабоону жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.