«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары каратэ-до WKF «Belarus Open» эл аралык турнирине катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Каратэ-до бөлүмүнүн спортчулары 2 алтын жана 4 коло медалга ээ болушту. Байгелүү орундарга ээ болгон:
Кутман Сатымкулов – 1-орун (16-17 жаш, 61 кг чейин);
Даткайым Байжигитова – 1-орун (14-15 жаш, 61 кг жогору);
Михаил Адамалиев – 3-орун (16-17 жаш, 76 кг чейин);
Акылбек уулу Эрлан – 3-орун (16-17 жаш, 68 кг чейин);
Вера Натальченко – 3-орун (14-15 жаш, 61 кг чейин);
Даян Деря – 3-орун (14-15 жаш, 61 кг жогору).
Мелдеш 2023-жылдын 14-15-октябрына чейин Минск шаарында (Беларусь) өттү. Турнирге 6 өлкөдөн: Беларусь, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстандан 1000ден ашык спортчу катышты.
Белгилей кетсек, турнир каратэ-дону кеңири жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо, достукту чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.
Спортчулардын машыктыруучулары Дмитрий Казанов жана Бакыт Дүйшеев.