«Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде «Мектеп лигасынын» ачылышы болду.
Спортук майрамга Бишкек шаарынын окуучулары, шаардыктар, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.
Иш-чара сергек жашоо образын пропагандалоо, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия жана спорт менен машыгууга массалык түрдө тартуу, өсүп келе жаткан муундун арасында сергек жашоо образын жүргүзүү максатында уюштурулган.
Парадга мектеп окуучулары, дене тарбия мугалимдери, спорт боюнча инструкторлор жана райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунун жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жана гимназияларынын тарбиялануучуларынын ичинен жаш спортчулар, райондук жана шаардык мелдештердин байге ээлери чакырылган.
Спорттук иш-чаранын ачылышы таланттуу жылдыздардын концерттик программасы жана жаш каратисттер менен гимнасттардын көрсөтмөлүү аткаруулары менен коштолду.
Белгилей кетсек, «Мектеп лигасы» программасынын алкагында спорттун 12 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана жеке мектептер катышып, жалпысынан 15 миңден ашуун мектеп окуучулары катышууда.