Транспорт каражаттарынын агымына анализ жана иликтөө жүргүзгөндөн кийин, ошондой эле жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти КР ИИМ ЖКККББ менен биргеликте Киев жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде батыштан чыгышка карай тилкелер боюнча кыймыл багыттарын өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Жакынкы арада белгилер алмаштырылгандан кийин, экинчи тилкеден оңго бурулууга мүмкүнчүлүк болот.

Бул чаралардын бардыгы шаардык транспорт инфратүзүмүнүн шарттарында шаардыктардын ыңгайлуулугун максималдуу камсыз кылуу үчүн колдонулууда.