Кыргыз Республикасынын Социалдык камсыздоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнүнө карата Бишкектин райондорунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

«Таберик» залында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана «Таберик» балдар музыкалык театры тарабынан даярдалган майрамдык концерт уюштурулду.

Кесиптик майрамдын урматына Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунун жетекчилери кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн социалдык тармактын кызматкерлерин куттуктап, Ардак грамоталарды, ыраазычылык баракчаларды жана баалуу белектерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, социалдык кызматкерлер жалгыз бой пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үйүндө кызмат көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле муниципалдык администрациялар ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча райондук башкармалык, жашы жете элек балдар үчүн «Айданек» реинтеграциялоо борбору, зомбулуктан жана катаал мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору, балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн «Акниет» борбору жана «Бишкек шаарынын Балдар айылдары» менен биргеликте иш алып барууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү салттуу түрдө 19-октябрда белгиленет.