Свердлов районунун акимиатында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына Ардак грамоталарды, сертификаттарды жана баалуу белектерди тапшыруу менен салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Департаменттин аймактык жана ведомстволук социалдык мекемелеринин арасында кесиптик майрамга карата «Эң мыкты мекеме» номинациясы боюнча сынак өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды.

Ошондой эле мыкты иштеген адистерге Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Грамоталарды социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова жана Свердлов администрациялык району боюнча Социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Асел Садыкова тапшырышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин тутумуна 13 мекеме кирет: 4 райондук  Социалдык өнүктүрүү башкармалык, Улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекеме, “Аяр” майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбор, “Ардагер” геронтологиялык борбору, “Коломто" муниципалдык мекемеси, Кароосуз калган балдар үчүн 2 борбор, Интернаттык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык жатакана, Зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борбору, “Аялзат” үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган  аялдарга жардам берүү Борбору кирет.

Департаменттин курамына кирген мекемелерде 618 кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 84 социалдык кызматкер 570 жалгыз бой пенсионерлерди жана майыптыгы бар адамдарды үйүндө тейлешет, анын ичинде 219 камкордукка алынгандарга үйүндө бир жолку ысык тамак беришет, турмуштук оор кырдаалда турган балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык коштоо көрсөтүшөт.

Жыл сайын социалдык өнүктүрүү мекемелери тарабынан 89 миң шаар тургунуна жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен даректүү социалдык жардамдын 22 түрү көрсөтүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык Социалдык коргоо тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт. Чексиз эмгегиңиздер үчүн рахмат!