Борбор калаада «SOS-Бишкек балдар айылы» колдоосу менен «Октябрь району боюнча турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоонун жана коштоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүүгө көмөктөшүү» темасында 2 күндүк тренинг өттү.

Октябрь районунда коомдук пайдалуу долбоордун алкагында Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү үчүн эки күндүк семинар болуп, анда социалдык коргоо, МАБ, билим берүү, саламаттыкты сактоо, иш менен камсыз кылуу борбору, калкты каттоо бөлүмүнүн өкүлдөрү санариптештирүү министрлиги ж.б. катышты.

Окутуу оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо жана көзөмөлгө алуу үчүн АИС программасын киргизүүгө багытталган.