Биринчи май райондук акимиаты тарабынан катуу тиричилик калдыктарын (ТКК) өзүнчө чогултуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында “ Таштандыларды өзүнчө иргеп алуунун экологиялык мааниси ” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Жыйынга Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, «Тазалык» МИ директору Рамиз Алиев, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Самара Шербаева, мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, уюштуруучулары, райондук балдар жана жаштар уюмдарынын лидерлери катышты.
Долбоордун башталышында райондогу бардык 23 мектепке жана 18 бала бакчага кагаз, желим, айнек, темирден жасалган таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн атайын контейнерлер орнотулду.
Ошону менен бирге класстык сааттар, викториналар, экологиялык жана видеосабактар, лекциялар, практикалык көнүгүүлөр өткөрүлүп турат.
Райондун мектептеринин балдар жана жаштар уюмдары өткөргөн иш-чаралардын жыйынтыгын жана алдыдагы иш-пландары менен тааныштырышты.
Р.Алиевдин сунушу менен чогултулган желимдердин жана кагаздардын ордуна канцелярдык товарларга алмаштыруу максатында пилоттук катары бир нече мектептерди аныктоо, ошондой эле, биргелешкен «Таза патруль» акциясын өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйынтыгы менен райондук билим берүү башкармалыгына аталган эко иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, мындай аянтча Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгына жана 2023-2025-жылдарга тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, ошондой эле Биринчи май районунун акимчилигинин демилгеси менен уюштурулган.