Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан мурда берилген билдирүүнүн негизинде, Шевченко көчөсүндө өз билемдик менен орнотулган 14 темир гараж ээси тарабынан өз ыктыяры менен алынууда. Гараж ээлери жакын арада дагы бир нече гаражды өз ыктыяры менен алып салууну пландап жатышканын билдиришти.
Ошондой эле, Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 20 тонналык контейнер алынды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин комиссиясынын чечиминин негизинде Ч.Айтматов пр., 35 дарегиндеги жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн фондулук биржа үчүн кеңейтилген тосмону өз ыктыяры менен алып салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда муниципалдык жер тилкени бошотуу иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.